Ысык-Көл облусунда мурда катталган 15 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-13-май күндөрү Ысык-Көл облусунун аймагында “Бандит”, “Нелегал”, “Допинг”, “Арсенал” жана “Издөө” операциялары жүрүп, мурда катталган 15 кылмыштын бети ачылды. Ошондой эле издөөдө жүргөн 5 кылмышкер кармалган.