Жети-Өгүз районунда 61 жаштагы тургундун өлүмүнө шектелгендер кармалышты

Жети-Өгүз районунда 61 жаштагы тургундун өлүмүнө шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-май күнү райондук ооруканага 61 жаштагы жаран оор абалда келип түшкөн. Бирок ал эсине келе албай ооруканадан каза тапкан. Аны белгисиз адамдар сабап кетишкени аныкталган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган эки жаран кармалган. Алардын айтымдарында, каза тапкан жаран менен бирге спирт ичимдигин ичип отурушкан. Анан ортодо пикир келишпестик чыгып, кылмышка шектүүлөрдүн бири 61 жаштагы жаранды көтөрүп жерге чапкан. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ajar.
2015-05-14 11:46:14
Ар ким өзүнүн ордун билбей калган заман... 61 жаштагы карыя 30 жаштагы (балысындай) адамдар менен неге "теңтуш" болуп, чогуу арак ичет... А тигилер "улуу адам экен" дебей неге кол көтөрүшөт... Ар кимдин өз орду бар, ар ким өз ордун билиш керек эле да, бул мыйзам бузулду, жыйынтыгы ушул...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан