Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы 20-февралда КМШга кирген өлкөлөрдүн 99 жаранын Сириядан Москвага алып келинди. Алардын арасында Украина, Өзбекстан, Беларусь жана Кыргызстандын жарандары бар. Бул тууралуу Орусиянын ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Жарандык согуш жүрүп жаткан өлкөдөн алынып келинген жарандардын арасында 29 аял жана 38 жаш бала бар. Эске сала кетсек, 11-февралда Сириядагы жаңжал күч алып, 19-февралда согушчандар президенттин сарайын аткылап салышкан. БУУнун маалыматына ылайык, чыр-чатактын айынан Сирияда 70 миң киши каза тапкан.