Өкмөт жетекчиси Темир Сариевдин төрагалыгы астында 13-майда макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин жыйыны өттү. Жыйында 2016-2018-жылдарга карата республикалык бюджеттин орто мөөнөттүү божомолу, энергияны каттоонун жана көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системин орнотуу боюнча "Ош электр" ишканасынын ишин жакшыртуу жана электр көмөк чордондорунун жана линиялардын кубаттуулугун күчөтүү маселелери каралды.
"Жыйынтыгында 2016-2018-жылдарга карата республикалык бюджеттин орто мөөнөттүү божомолу жактырылды. Энергияны каттоонун жана көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системин орнотууга карата каражат табуу боюнча Энергетика жана өнөр жай министрлигинин демилгесин колдоо чечими кабыл алынды. Мындан тышкары Бишкек шаарынын көчөлөрүн жарыктандыруу түйүндөрүн жаңылоо боюнча мэриянын демилгеси да жактырылды",- деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.