Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкектеги турак үйлөрдүн биринен 1969-жылы туулган жарандын жансыз денеси табылган. Анын киши колдуу болуп өлгөнү аныкталган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 35 жаштагы А.Н. кармалган. Анын айтымында, үй ээси экөөнүн ортосунда уруш чыгып, сабап салган.
Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.