Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков 13-майда Кара-Суу районунун Шарк, Кызыл-Кыштак айылдарынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Ош ОИИБинен SUPER.KG порталына билдиришти. Шарк айылынын тургундары интернет аркылуу таратылып жаткан маалыматтарды катуу көзөмөлгө алуу менен жалган маалымат тараткандарга катаал чара көрүүнү сунушташты. "Чагымчылдык аракеттердин алдын алууга милициянын кудурети жетеби?" деген суроо беришти.
Сүйүн Өмүрзаков: "Ар кандай чагымчыл аракеттердин алдын алууга жана ар кандай чагымчыл аракеттердин мизин кайтарууга милициянын мүмкүнчүлүгү да, күчү да жетет",- деп билдирип, "АКШдан Бишкекке шектүү жүк келди" деген маалымат боюнча да жооп берди. "Аба майданына келген жүк курулуш материалдары, эл ичинде таркаган ушакта айтылгандай мыйзамсыз жүктөрдү алып өтүүгө эч качан жол берилбейт жана ушак тараткандар мыйзам чегинде жооп беришет",- деп билдирди Өмүрзаков.
Интернет аркылуу 9-Майга карата түрдүү ушак таратышкан 17 жана 25 жаштагы эки жаран, 6-май күнү Ош шаарынын Фергана көчөсүндө калпак кийип алышып түнкүсүн элдин тынчын алып жүрүшкөн 12 чет өлкөлүк жаран, 8-майда топу кийген 6 чет өлкөлүк жаран кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады Өмүрзаков.