Сокулук районунун Камышановка жана Төмөнкү Чүй айылдарынын ортосундагы көлмөдөн белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, азиат улутундагы адамдын жашы болжол менен 30-40 чамасында. Киши колдуу болуп өлгөн. Сөөктү кароо учурунда кийимдери алынган. Эгерде бул кийимдердин кимге таандык экенин билсеңиздер, 43-01-27, 0772 18-46-57, 0708 18-46-57, 0701 66-00-01, 0701 80-15-26 номурларына чалыңыздар.