Кызыл-Кыя шаарында жихад жолуна азгырылган 20-23 жаштагы эки жаран кармалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жихад жолуна азгырылган 1992-жылы туулган М.И. жана 1995-жылы туулган Г.Д. кармалды. Бул тууралуу 14-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка таянсак, УКМК 8-майда диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн таап чыгуу, чара көрүү жана эскертүү иш-чараларынын алкагында жогоруда айтылган эки баланы кармап, аларга жалпы профилактикалык иш-чара өткөргөн.

"Түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө азгырылган адамдар “Ислам мамлекети” эл аралык террористтик уюмунун жихад жолунан баш тартышты жана жума намаз убагында 500 жарандын, эл алдында баш тарткандыгын билдиришип, кылган жоруктары мыйзамсыз экенин моюнга алышты. Ошону менен бирге алар жарандарды жана өзгөчө жаштарды жогоруда көрсөтүлгөн уюмдун идеологиясынын терс таасиринен этияттоого, анын ишмердигине тартылбашына чакырып кетишти",- деп айтылат маалыматта. 

УКМК, Ички иштер башкармалыгы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды аткаруу үчүн үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uragan007
2015-05-14 14:36:34
озбектер булар.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан