19-февралда Бишкектеги Исанов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен 32 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББи билдирди.
Иликтөөдө каза болгон жаран чыр-чатактан улам 34 жаштагы Ч.Сергей аттуу бажасы тарабынан каза болгондугу белгилүү болгон жана кылмышка шектүү жаран кармалган. Учурда оор кылмышка шектелген Бишкек ШИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда.