Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында 8-класстын окуучусу асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 10-май күнү болгон. Анда окуучу кыз үйүнүн артындагы сарайда асынып алган. Аны апасы көрүп калып, кызын райондук ооруканага алып барган. Тилекке каршы, кыздын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Учурда окуянын келип чыгуу себептери такталууда.