Кара-Кулжа районунда жергиликтүү тургундун үйүнө чагылган түштү. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, чагылган 14-майда саат 03:00 чамасында 1-Май айылынын тургуну Бакыт Култумушовдун үйүнө түшкөн. Анын кесепетинен турак үйдүн эшик-терезелери сынып, 190 метр электр зымы күйүп, электр эсептегичи жараксыз болуп калган. Ошондой эле коңшусу Абдылдабек Тагаевдин турак жайынын электр эсептегичи жараксыз абалга келген жана 80 метр электр өткөргүч зымы күйгөн.