Араван районуна түшкөн чагылгандан бир адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, чагылган 14-майда саат 01:30 чамасында Нооруз айылынын жашоочусу Фаридохан Мойдинованын үйүнө түшкөн. Анын кесепетинен турак үйдүн 6 даана шифери, 1 сыналгы, 2 терезе, 1 электр эсептегичи, 1 сандык талкаланып, бөлмөнүн шыбы жараксыз абалга келген. Чагылган катуу болгондуктан, турак үйдүн бөлмөлөрүндө жаракалар пайда болуп, үй ээси Ф.Мойдинованын колуна жана бетине айнек сыныктары тийген. Ал райондук "Тез жардам" кызматына кайрылып, тийиштүү биринчи медициналык жардам алган.