Талас. Талас шаарында бир үй толугу менен күйүп кетти

16-февралда саат 22:13 чамасында Талас шаарынын Янги-Чек көчөсүнүн №8-үйүнөн өрт чыккан. Талас шаардык өрткө каршы кызматы окуя болгон жерге барганда үй толугу менен күйүп жаткан. Күлгө айланган жер үйдүн аянты 11 квадрат метр экени белгилүү болду. Өрт чылымдын толук өчпөй калган калдыгынан келип чыккандыгы болжолдонууда. Тилсиз жоо адам өмүрүнө коркунуч алып келген жок. Ал эми материалдык чыгымдары такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан