Бүгүн, 14-майда Ош аэропортунан жасалма паспорт менен Түркияга учууга камданып жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу аталган аэропорттун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, “Ош-аэропорт” көзөмөл-өткөрүү жайынын чек арачылары 1979-жылы туулган Х.Д. аттуу кыргыз мамлекетинин жаранынын документин текшерүү учурунда паспорт жасалма экендиги – паспорттун баракчалары тигилген жип бекитилген үлгүгө дал келбегендиги аныкталган.
Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын аймактык башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.