Ала-Бука районунда жааган жамгыр чарбалык көпүрөнү жараксыз абалга алып келди. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 13-май күнү саат 20:40 чамасында аталган райондун Ак-Коргон айыл аймагында нөшөрлөп жамгыр жааган. Анын кесепетинен Баястан айылына өтүүчү ички чарбалык көпүрө жараксыз абалга келген. Ошондой эле Суу чарба ишканасына тиешелүү 4 дамбаны сел суулары бузуп, Баястан айылынын эгин талааларын суу каптаган.
Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы изилдөө иштерин жүргүзүүдө.