Премьер-министр Темир Сариев 14-майда банк жана микрокредиттик компаниялар тармагындагы көйгөйлөр боюнча жыйын өткөрдү. Өкмөт жетекчиси коммерциялык банктардын депозиттик базасы өсүп жатканын белгиледи. "Кыргыз мамлекетинин экономикасын көтөрүү үчүн банк тармагынын кредиттик портфелин жогорулатуу зарыл. Акыркы жылдары кредиттик портфелдин өсүшүндө жакшы тенденция байкалууда, бирок бул жетишсиз. Банк тармагын өнүктүрүүгө инвестиция тартуу кажет",- деди өкмөт жетекчиси.
Сариев инвестиция тартуу үчүн өлкөдө туруктуулук болушу керектигин белгилеп, буларды айтты: "Түрдүү чагымчылдыктар жана банктар менен микрокредиттик уюмдарга чабуул коюулар инвестициялык климатты начарлатууда. Кыргыз мамлекети укуктук өлкө, мындай нерселер дыкат иликтениши жана күнөөлүүлөр мыйзам алдында жооп бериши керек".