
* Мындан 90 жыл мурун, 1925-жылы Кыргыз Эл акыны
Сооронбай Жусуев Совет районунун Кызыл-Жар кыштагында туулган. Оштогу мугалимдер институтун, Москвадан М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Совет райондук "Коммунизм үчүн" гезитинде жооптуу катчы, Ош облустук "Ленин жолу" гезитинде бөлүм башчы, "Ала-Тоо" журналынын башкы редактору, "Чалкан" журналынын жооптуу катчысы, Кыргызстан Жазуучулар союзунун адабий кеңешчиси болуп иштеген. Анын "Эмгек күүсү" аттуу эң алгачкы ырлар жыйнагы 1950-жылы жарык көргөн. Чыгармачылык өмүрүндө кыргыз, орус жана башка тилдерде көптөгөн ырлар жана поэмалар жыйнагы котормолору китеп болуп чыкты. "Курманжан датка" ыр менен жазылган романы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон.

* Мындан 59 жыл мурун, 1956-жылы куудул
Манас Бердибеков Базар-Коргон районуна караштуу Партсъезд айылында (азыркы Бай-Мундуз айылы) туулган. Куудул "Жалпак жөжө", "Көзү ачык", "Мажит, светти өчүр" жана башка интермедиялары менен элдин эсинде калган.
Манас Бердибеков 2001-жылы 9-сентябрда 45 жаш курагында каза болгон.
* Мындан 20 жыл мурун, 1995-жылы Кытай өзөктүк бомбанын кезектеги сыноосун өткөргөн. Жардыруу Такла-Макан чөлүндө жасалып, адистердин айтымында, кытайлыктар шамал Орто Азияга соккон маалга тушташ сыноону баштаган жана мындан кыргыз жеринин экологиясы жабыр тарткан. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги сыноону айыптап атайын билдирүү жасаган. Билдирүүдө кыргыз өлкөсүнүн табиятына, адамдардын ден соолугуна залака келгени белгиленген.
* Мындан 42 жыл мурун, 1973-жылы АКШда айымдарга мырзалар атаандашып, 600 миң нускада "Playgirl" журналынын алгачкы санын сатыкка чыгарышкан.