Темир Сариев кыргыз мамлекетинин экономикалык өсүшү Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердикине караганда өйдө экенин айтты

Кыргыз мамлекетинин экономикалык өсүшү Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердикине караганда өйдө. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев өкмөт мүчөлөрү менен 14-майда кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча документтерди талкуулап жатып билдирди. Сариев 2015-жылдын 4 ай аралыгында өлкөнүн ички дүң продукциясы 7 пайызга, ал эми инфляция 2 пайызга өскөнүн айтты.

“Бул Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу жакшы көрсөткүч. Орусияда биринчи кварталда ички дүң продукциясы 2,2 пайызга кыскарды, инфляция 16,9 пайызды түздү. Казакстанда деле кварталдык баа боюнча ички дүң продукция 2,2 пайызга өсүптүр. Беларуста деле ички дүң продукция 2 пайызга төмөн, инфляциясы 16,7 пайыз”,- деди Сариев.

Ошондой эле Сариев бул көрсөткүчтү кармап туруу керектигин айтып, Экономика министрлигине инфляциянын 8 пайыздан ашпашы керектигин билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан