19-февраль күнү Бишкек шаарынын 42 жаштагы К.Чолпонбек аттуу жараны көчөдөн таап алган ок атуучу куралды өз ыктыяры менен милицияга тапшырган. Аталган жаран куралды Октябрь райондук ИИБинин аймактык бөлүмчөсүнө алып келип берген. Ал куралды шаардагы 8-кичи райондогу үйлөрдүн биринин жанынан таап алгандыгын айткан. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле 19-февралда Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Темирязев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйлөрдүн жанынан 10 даана автомат огун таап алгандыгын айткан Ш.Сабина аттуу жаран да милицияга тапшырган. Аталган фактылар боюнча тергөө иштери уланып жатканы белгилүү болду.