Кыргыз мамлекетинин Австриядагы элчиси БУУнун өкүлүнө президент Алмазбек Атамбаевдин ыраазычылык катын берди

Кыргыз мамлекетинин Австриядагы элчиси, Вена шаарындагы ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Эрмек Ибраимов 14-майда БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов менен жолугушту. ТИМдин маалыматына таянсак, жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен уюштурулду.    
Ибраимов кыргыз мамлекетинин президенти Алмазбек Атамбаевдин 2015-жылдын 22-24-март күндөрү Австриядагы иш сапарынын алкагында БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору менен жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча кыргыз президентинин ыраазычылык катын Федотовго тапшырды. Кыргыз тарап БУУнун аталган башкармалыгы менен кызматташууну мындан ары да улантууга даяр экенин айтты. 
"Федотов кыргыз мамлекетинин башчысы Алмазбек Атамбаевдин катын жогору баалай турганын билдирип, бул БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын кыргыз өлкөсү менен эффективдүү иштешип жатканынын жыйынтыгы экенин билдирди",- деп айтылат ТИМдин маалыматында.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан