Оштогу аэропорттон 5,6 миллиондон ашык долларды карактоого шектелген дагы 3 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөрдүн экөө Казакстандын аймагынан кармалган. Алар 1971-жылы туулган Б.Б. жана 1988-жылы туулган М.Е. Экөө тең Казакстандын жараны. Ал эми үчүнчүсү 1973-жылы туулган Р.А. Орусиядан колго түшкөн.
Буга чейин жогорудагы факт боюнча кылмышка шектүү катары 4 адам Бишкектен кармалганын ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Мирлан Каниметов билдирген эле.
Айта кетсек, окуя 2014-жылдын 27-декабрында катталган. Анда Ош аэропортунун VIP-залынан куралчан белгисиз бирөөлөр жарандарды коркутуп, ичинде акчасы бар 4 баштыкты көтөрүп кетишкен.