Чүй районунда каракчылыкка шектелген бала кармалды

Чүй районунда каракчылыкка шектелген бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 55 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал 11-май түнү Чүй айылында жайгашкан соода күркөсүнө белгисиз адам кирип, сатуучуну коркутуу жолу менен кассадагы акчаны жана эки уюлдук телефонду алып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Ш.М. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kumushai-kg
2015-05-15 12:09:26
Сабыр жок емнеге тонооо емнеге олтуруу!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан