Москвада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көркөм прозаларынын 4 томдугу жарык көрдү

Москвадагы Рудомино атындагы Бүткүл орусиялык мамлекеттик китепканасында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгыз Айтматов. Кайтуу” аталышындагы 4 томдук прозаларынын бет ачары болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. Маалым болгондой, бул жыйнак 2013-жылы жазуучунун 85 жылдыгына карата кол коюлган меморандумга ылайык жарык көрдү. 4 томдук прозалар сатылууга коюлбайт жана белек катары Орусиянын китепканаларына, бир катар өлкөлөрдүн уюмдарына берилет.

Салтанаттуу иш-чара кыргыз жергесинин жана Орусиянын мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин, чыгармачыл союздардын өкүлдөрүнүн жана Чыңгыз Айтматовдун талантын баалаган адамдардын катышуусу менен өткөрүлдү. Проза кечесинин алкагында орус актрисасы Жаңыл Асанбекова Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинен кыргыз тилинде монолог айтса, ал эми “Бенефис” Москва театрынын актёру Евгений Любимов “Кыямат” романынан үзүндүнү орус тилинде окуп берди.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Lapushka15
2015-05-15 13:27:59
Кыргызстандын жузу.Ч.Айтматовду кимдер гана тааныбайт.Жакшы жпнылык экен
+1
kama_future_millioner
2015-05-15 22:36:12
Чынгызды Чынгыз кылган Кыргыз,
Кыргызды Кыргыз кылган Чынгыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан