Ош шаардык соту 3 диний уюмду "террористтик" деп тапты. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 27-февраль күнү Ош облустук прокуратурасынын «Фронтан-Нусри» же «Жабахат-ан- Нусра», «Катибат аль-Имам аль-Бухари», «Жаннат Ошиклари» диний уюмдарынын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу өтүнүчү менен Ош шаардык сотуна кайрылган. Ал эми Ош шаардык соту ишти 13-май күнү карап, аталган уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу менен бирге "террористтик" деп тапты.