Нырын. Нарын шаарында УКМКнын коомдук кабылдамасы ачылды

Бүгүн, 20-февралда Нарын шаарындагы Профсоюз имаратынын 2-кабатында УКМКнын коомдук кабылдамасы ачылды. Аталган иш-чарага жергиликтүү бийликтин жетекчилери, мэрия жана күч түзүмдөрүнүн жана ММК өкүлдөрү катышты. Коомдук кабылдама тургундардын коррупцияга байланышкан бардык сунуш, суроолорун кабыл алат. Ошондой эле коррупцияга байланыштуу ар кандай телефон чалууларды кабыл алып, анын анонимдүүлүгүнө кепилдик берет. Учурда мындай кеңселер өлкөнүн бардык облустарында ачылып жатканы айтылды иш-чарада.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан