Ат-Башы районунда чек арачылар тарабынан куралчан адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган райондун Чырмаш тилкесинде Кара-Суу айылынын жашоочусу курал менен кармалган. Анда куралга тиешелүү эч кандай документтер болгон эмес. Учурда кармалган адам милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.