Талас облусунда чек ара режимин бузган эки казак жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган эки адам чек ара режимин бузуп, 3 атты Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалгандар УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.