Асылбек Жээнбеков: “Гендердик теңчиликке толук жетүү - кыргыз мамлекети үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири"

“Гендердик теңчиликке толук жетүү кыргыз мамлекети үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болуп кала берет”,- деди Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков. Төрага бул тууралуу Жогорку Кеңештин демилгеси менен бүгүн, 15-майда Бишкек шаарында өтүп жаткан “Пекин+20” контекстинде гендердик теңдикке жетишүүдө парламенттин ролу” аттуу эл аралык конференцияда айтты. 

Ал өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө аялдардын жалпы адамзат турмушунда, анын ичинде кыргыз коомчулугунда ээлеген ордун, алардын гендердик теңчиликке жетүүдөгү парламенттин ролун баса белгиледи.

"Гендердик теңчиликке арналган эл аралык мааниге ээ конференциянын кыргыз мамлекетинде өтүп жатканы биз үчүн өзгөчө сыймыктуу жана жооптуу.

Миңдеген жылдарды камтыган карт тарыхы бар кыргыз коомунда аялзаты ар дайым өзгөчө сыйлуу орунду ээлеп келген. Аялзатын урматтоо боюнча биздин дүйнө элине айтчу сөзүбүз, көрсөтчү өрнөгүбүз бар. Жакынкы эле тарыхка кайрылсак, Күлүйпа Кондучалованын, Уркуя Салиеванын элеси көз алдыга тартылат. Андан ары барсак, Курманжан датка энебиздин каарман өмүрү бүгүнкү муун үчүн өзгөчө үлгү, өрнөктүү тарыхый сабак. Мисалдарды уланта берсек, түгөнбөйт",- деди Жээнбеков. 

Ошондой эле аялзатына урмат-сый көрсөткөн каада-салтыбыз бүгүн да татыктуу уланып келе жатканын кошумчалады. "Аялдар коомдук, саясий турмуштун бардык чөйрөсүндө жигердүү иштеп келишүүдө. Мамлекеттин тагдыры чечилер кезде өлкө жүгүн көтөргөн айымдар арабызда отурушат. Алардын бири Роза Отунбаева кыйчалыш мезгилде элибиздин келечеги үчүн жоопкерчиликти өз моюнуна алып, мамлекетти башкарды. Эгемен Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берип, саясий маданияттын бийик үлгүсүн көрсөттү",- деди төрага. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан