Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кыргыз жериндеги айымдарды Энелер күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
"Урматтуу энелер, ардактуу апалар!
Сиздерди "Ата Мекен" фракциясынын атынан Энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм! Кыргыз эли илгертен эне наркын, кадыр-баркын бийик кармап, үй-бүлө куту катары туткан. Энелер бабаларыбыздан калган улуу дөөлөттөрүбүздү, нарк-насилибизди, каада-салттарыбызды кенч катары бекем сактап, эне сүтү, мээрими аркылуу урпактарга өткөргөнү менен ыйык. Ошондуктан эненин ак сүтүн актоо, улгайганда алпештеп багуу - ар бирибиздин милдетибиз.
Элибиздин тарыхындагы кыйчалыш учурларда энелердин назиктиги, алпейимдиги жана акылмандыгы менен чечилген көйгөйлөр арбын болгон. Кыргыз энелери ар дайым эл арасында, дасторкон четинде болуп улутубуздун уюткусун кармап турган асыл жандар экендигин эч убакта унутпасак! Аялзаты жана апалар үчүн эч убакта оңой болгон эмес, кандай кырдаал болбосун, биз, уул-кыздары, апаларыбыздын жакшы жашоосу үчүн ар тараптан камкордук көрүшүбүз зарыл.
Кадырман энелер, ардактуу апалар! Сиздерге бекем ден соолук, жаркын маанай, үй-бүлөлүк бакыт каалаймын! "Бейиш эненин таман алдында" дегендей, ар бириңиздер үйдүн төрүнүн көркү болуп, бакубат жашаңыздар. Элибизде барчылык, жерибизде тынчтык өкүм сүрүп, мамлекетибизде эне мээримине бөлөнгөн балдардын күлкү-шаңы дайыма жаңырып турсун!"
ӨмүрбекТекебаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата Мекен" фракциясынын лидери.