Ыргал Кадыралиева: "Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынын Садыр Жапаров отурган СИЗОдон өткөрөлү"
"Эгер депутат Садыр Жапаровду бүгүнкү жыйынга катыштыруу мүмкүн эмес болсо, анда 120 депутат жыйынды СИЗОдон өткөрөлү". Бул сөздү бүгүн, 20-февралда ЖКнын жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева айтып чыкты. Айтымында, Садыр Жапаровду жыйынга катыштыруу мүмкүн эместиги тууралуу соттун чечимин эске алуу зарыл. Учурда депутаттар Жапаровду жыйынга катыштыруу тууралуу кызуу талаш жаратууда. "Мен төрагага бул маселени чечүүнүн кошумча жолу катары жыйынды депутат отурган жерден улантууга сунуш берем. Депутаттар менен өкмөт өкүлдөрү баарыбыз ошол жакка баралы, сунушту добушка коюшуңузду суранам",- деди Кадыралиева. Айта кетсек, парламентте "Кумтөр" маселеси боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын маалыматы угулуп, талкууланууда.