Бүгүн, 15-майда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Энелер күнүнө арналган "Эне – ааламдын руху" аттуу республикалык салттуу көргөзмө-жарманке ачылды. Музейдин оозунда аялзатына тиешелүү, кыргыз колоритине таандык, кол менен жасалган кийим-кечек, буюм-тайымдар жарманкеси уюштурулган. Ал эми 2-кабатта живопись, керамика, графика, скульптура жана кол өнөрчүлүк боюнча эмгектер коюлган. Көргөзмөдө сүрөтчүлөр Акыл Замир уулу, Жылдыз Бекова, Эрке Жумагулова, Сатай Адышев, Динара Исраилова, Адилет Давлетовго таандык эмгектер тартууланууда.
Иш-чара кыргыз жергесинин Аялдар конгресси тарабынан уюштурулуп, 31-майга чейин уланат.