Мамлекеттик каттоо кызматы паспортторду даярдоо үчүн талап кылынган материалдарды кошумча алуу максатында «De La Rue International Limited» компаниясы менен келишим түзүүнү пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда маалымат жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Бактыбек Секимов билдирди. Анын айтымында, учурда паспортко болгон талап жогорулоодо, аны үзгүлтүккө учуратпоо максатында келишим түзүлөт. Ага ылайык, паспортко кеткен бардык чыгымдарды аталган компания өзү төлөйт.