
* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы КРнын Президенти
Алмазбек Атамбаев май айынын үчүнчү жекшембисин Энелер күнү катары белгилөөнү демилгелеген. Бул күн энелердин коомдогу ордун, статусун бир топ жогорулатып, энелерге көңүл бурууга арналган күн болуп эсептелет.
Дүйнө жүзүндө жалпысынан алганда бардык өлкө бул майрамды белгилешет. Ар биринде анын атайын күнү аныкталган. Ар бир өлкө өзүнүн маданиятына, салтына, ырым-жырымына таянып, салттуу түрдө белгилеп келет.
Америка Кошмо Штаттарында Энелер күнүн май айынын экинчи жекшембисинде майрамдашат. Бул майрамды биринчи жолу 1872-жылы белгилешкен. Байыркы Грецияда жаз айында бардык Кудайлардын энеси Геянын күнүн белгилешкен. Ошондуктан Мальтада Энелер күнүн белгилөө байыртадан келе жаткан, Байыркы Римден баштап биздин заманга чейин сакталып калган салт болуп эсептелет.
Германияда бул майрамды 1923-жылдан баштап белгилешет. Украинада 1929-жылдан баштап белгилешкени менен, кийин унутулуп калган. Орусияда Энелер күнүн президент Борис Ельциндин буйругунун негизинде 1998-жылдан баштап ноябрь айынын акыркы жекшембисинде майрамдап башташкан.

* Мындан 79 жыл мурун, 1936-жылы атактуу америкалык актёр
Деннис Хоппер АКШнын Канзас штатындагы Додж-Сити шаарында туулган. Деннис Хоппер актёрлук карьерасын 1954-жылы баштап, атактуулукка "Идеалы жок козголоңчу" ("Бунтарь без идеала", 1955), "Гигант" (1956) тасмалары аркылуу жеткен. Кийин “Ылдамдык” ("Скорость"), “Суу дүйнөсү” ("Водный мир"), “Жоголуп кеткен шаар” ("Затерянный город") ж.б. тасмаларына тартылган.
Деннис Хоппер 2010-жылы 29-майда 74 жашында рак оорусунан Лос-Анжелестеги үйүндө каза болгон.
* Мындан 42 жыл мурун, 1973-жылы Ту-104 учагы Москвадан Чита шаарына учуп баратканда Рязев аттуу жүргүнчү жанында бомба бар экенин айтып, Кытайга учуусун талап кылган. Бир милиция кызматкери ага ок чыгарганда учакта күчтүү жарылуу болуп, анын кесепетинен 81 киши каза болгон.

* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы ырчы
Пол Маккартни интернет аркылуу 30 мүнөттө күйөрмандарынан 3 миллион суроо алып, дүйнөлүк рекорд койгон.