
* Мындан 68 жыл мурун, 1947-жылы юрист, мамлекеттик жана коомдук ишмер
Чолпон Баекова Ош облусунун Куршаб айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин 1969-жылы бүтүрүп, 22 жашында дароо эле прокурорлук кызматка келип отурган. Кийин башкы прокурордун жардамчысы, Жогорку Соттун судьясы, Ысык-Көл облсотунун төрайымы, Жогорку Кеңештин туруктуу комиссиясынын төрайымы, башкы прокурор болуп иштеген.

* Мындан 53 жыл мурун, 1962-жылы популярдуу казак ырчысы
Батырхан Шукенов Казакстандын Кызыл-Ордо шаарында туулган. КМШ аймагына “А’ Студио” тобу менен таанылган. Ал эми 2000-жылы жеке ырчы болууну көздөп топтон чыккан. “А’Студио” тобунда жүргөндө “Жулия” деген ыры менен элге таанылса, топтон чыккан соң “Сенин кадамың” ("Твои шаги") деген ыры менен популярдуу болгон.
Батырхан Шукенов 2015-жылдын 29-апрелинде Москва шаарында жүрөк оорусунан улам 52 жаш курагында каза тапкан.
* Мындан 71 жыл мурун, 1944-жылы, Иосиф Сталиндин буйругуна ылайык, крымдык татарларды Орто Азияга депортациялоо операциясы таң эрте башталып, 20-майда саат 16:00дө бүткөн. Операцияга НКВДнын 32 миң аскери тартылып, алар 183 155 адамды Орто Азияга күчтөп көчүрүшкөн.

* Мындан 14 жыл мурун, 2001-жылы Советтер Союзунун Баатыры, Ата Мекендик согушта учагы кыйроого учурап, эки бутунан айрылганына карабай 45 чакырым аралыкты соймолоп өтүп, аман калган
Алексей Маресьев 84 жашында Москвада каза болгон.