Бүгүн, 16-майда Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында орусиялык эстрада жылдыздары Жасмин, Филипп Киркоров жана Николай Басковдун катышуусунда Энелер күнүнө карата концерт уюштурулат. Ырчылардан Жасмин Бишкекке келип түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Филипп Киркоров менен Николай Басков болжол менен саат 15:00дө келишет.
Кошумчалай кетсек, концерттик программа 19:00дө башталат.