Бүгүн, 16-майда президент Алмазбек Атамбаев көп балалуу энелерге Баатыр эне орденин тапшыруу аземинде куттуктоо сөзүн арнады.
"Эне – адам баласы үчүн ыйык сөз. Бул сөз бардык тилде бирдей назик айтылат. Энелердин мээрими адамды жарык дүйнөгө келгенден баштап колдоп жүрөт. Жашоодо алгачкы кадамды жасоого желек болот. Турмушта өз жолун табууга көмөктөшөт. Кээде биз энелерибизди капа кылсак да, алар эч качан биздин көңүлүбүздү оорутпайт. Эненин жүрөгү эң боорукер, айкөл жана кечиримдүү",- деп баштады өлкө башчы.
Андан соң ал мекендештерге кайрылып буларды айтты:
"Урматтуу мекендештер! Ушул күнү ар бирибиз өз энелерибизди ойлойлу, эстейли. Бул майрам энелерибизге ыраазычылык билдирүүгө өбөлгө болсун. Энелерибизге белек алып, үйүнө барып, куттуктап, небере-чөбөрөлөрүн жыттатып, кубаныч тартуулоого, жок дегенде энеге телефон чалып куттуктоого себеп болсун.
Көп учурда күнүмдүк түйшүк менен алек болуп, энелерибизге ойдогудай көңүл бурбайбыз. Аны энебизден ажыраганда гана так түшүнөбүз. Кеч түшүнөбүз...
Өтүп кеткен энелерибиздин жаркын элесин эстейли... Далай оорчулукту баштан кечирип, бизге тартуулаган жашоо үчүн ыраазычылык билдирели. Ар бирибиз кетирген катачылыкты моюнга алып, апаларыбыздан кечирим сурайлы".
"Аялзаттын, өзгөчө энелердин түйшүгү дайыма көп. Жаңы мамлекетти куруп жатып биз биринчи кезекте энелердин саламаттыгы жана бакубаттыгы жөнүндө кам көрүүгө милдеттүүбүз.
Жыл өткөн сайын өлкөбүздө турмуш шарттары жакшырууга тийиш. Энелерге кам көрүлүп, бактылуу балалык камсыздалып, ар бир үй-бүлөдө ынтымак, биримдик уяласын",- деп бүтүрдү сөзүн президент.