Бишкекте бүгүн, 16-майда акын, "Нур борбор" чыгармачыл бирикмесинин академиги
Муратбек Рысбековдун 60 жылдык мааракесине карата анын чыгармачылык кечеси уюштурулду. Өзүнүн ыр жазуудагы өзгөчө стили менен айырмаланган акынды куттуу курагы менен куттуктап Жазуучулар союзунун өкүлдөрү, анын жакындары, ырга жакын кесиптештери, устаттары, жаш акындар жана жалпы ыр сүйүүчүлөрү келишти. Куттуктап келгендер акынга жылуу сөздөрүн арнап, калпак, чепкен жаап жатышты. Сөз сүйлөгөндөр анын ыр жазуудагы өзгөчө чеберчилигин, куруучу болуп иштеген Муратбек мырзанын көп кырдуулугун сөз кылышты.
2 саатка жакын убакытка созулган иш-чара ыр менен башталып, ыр менен аяктады. Жаштар эл алдына чыгып, акындын тандалган ырларын көркөм айтып беришти. Муратбек Рыскулов устаттарынын "дагы далай кырды ашышың керек" деген сөздөрүн угуп, жаштыгындагы окуяларын айткан туугандарынын сөздөрүнөн улам жаштыгына дагы бир ирет барып келгендей болду окшойт.