Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 7-сезонунун финалы өтүүдө

Бүгүн, 16-майда Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 7-сезонунун финалы башталды. Сезондун чемпиону болууга 5 команда ат салышууда. Алар: “Универсал”, “Тамашарики”, “Ассорти”, “Позитифф” жана “Кыргыз двор”.

Долбоордун президенти, алып баруучу Эрмек Нурбаев сахнага чыгып, буга чейинки сезондордун чемпиондорун атап, финалдык мелдешти ачык деп жарыялады. Андан соң кечеге келгендерге жакшы маанай каалап өттү.

Жаш өнөрпоздордун тапкычтыгын жана тапандыгын "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Дамира Арстанова, дизайнер Замира Молдошева, эстрада ырчылары Мирбек Атабеков, ОмарУрмат Усенов, уруш боюнча Дүйнө чемпиону Улан Эралиев жана юрист Жоомарт Жолдошев баалап жатышат.

Кечеде тамашалардын көбү келерки парламенттик шайлоо, "Кумтөр" маселеси, жаштар көп учурда кезиккен окуяларга арналууда. Мындан тышкары командалар чемпион болууга татыктуулугун далилдөөгө аракеттенишүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
windows.kg
2015-05-16 20:32:53
Россияга баруунун жол жобосу кандай болуп калды ошону жазып койсор урматтуу админ темадан алыстаганым учун кечиресинер. Айди карта менен эле барса болобу?
0
Koshaly
2015-05-16 23:41:03
кыргыз двор алга !!!
0
zulunbekov
2015-05-16 23:42:19
не болду ким чемпион болду?
0
aruuzat88
2015-05-17 00:43:34
Качан видеосун көрөбүз..???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан