Бишкекте орусиялык ырчылардын коштоосунда Энелер күнүнө арналган концерт өтүп жатат

Бүгүн, 16-майда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Энелер күнүнө арналган концерт кыргыз эстрада жылдыздарынын ырлары менен башталды. Сахна көшөгөсүн биринчилерден болуп ырчы мырза Иса Өмүркулов “Кыргызстан” аттуу ыры менен ачты. Ал эми салтанаттуу кечени Нурсултан Майназаров жана Назира Кадыева алып барышууда. Ошондой эле Минюра Рахимжанова, Акыл Караман, Юлия Руцкая, Айбек Замирбеков, Айгүл Чалова, Назгүл Токтакунова өнөрлөрүн тартуулашты. Ал эми концерттин экинчи бөлүгүн Орусиядан келген коноктордун бири Жасмин ачты.

Учурда “Ала-Тоо” аянтында бир канча миң адам чогулуп, жамгырдын жаап жатканына карабай орусиялык ырчылардын өнөрлөрүнө күбө болушууда. 

Айта кетсек, КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен орусиялык ырчылар Филипп Киркоров, Николай Басков жана Жасмин Бишкекке келишкен.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
ulan_rysbaev
2015-05-16 22:25:43
Акчаны Филипп акага Алмаз ава жакшы эле толоп берген окшойт. АЛМАЗ Шаршеновичке ыраазымын деп кыргызча суйлоп жиберди го Кайран Филиппка. Кантсе да жаан жааганына карабай концерт мыкты отту. Браво!
0
kirgizstan
2015-05-16 22:32:13
Энелер бар болсун
0
ENGELSA
2015-05-16 22:54:11
Биринчи жолу келди окшойт е бул орусс ырчылары
0
hairullo
2015-05-16 23:03:26
Келгенинерге рахмат
+2
as-salam
2015-05-16 23:12:42
кыргыздар эле го суротто
0
kirgizstan
2015-05-16 23:16:41
Коруп тургандардын алдында бир кызды кармап турат апасыбы эжесиби негедир мага инвалиддей корунуп турат (кечирим сурайм) ошону стулга отургузуп койушса болмок кимге кандай колунду жаза кеткилечи
+1
Bors
2015-05-17 00:34:18
kirgizstan, ооба мен да ошону байкадым. Концерт жакшы болотко бирок карманшиктер жыргады болуш керек.
0
kirgizstan
2015-05-17 00:41:10
Bors, мумкун Кошелек телефондор случайно жок болду болуш керек
0
kirgizstan
2015-05-16 23:17:40
Корунду дегеним колунду болуп калыптыр
0
Lapushka15
2015-05-16 23:41:53
Аттин ай алыстамын.Сагынычтуу,кусалуу коздор менен карап кала бердим.Кыргызстан алга!
0
make2
2015-05-17 00:03:58
Эртеле ырдатса болмок иса писаларды койуп. элдин жарымы корбой кеттик жамгыр жаап, путиндин бир ооз созу м/н келдида.
+1
dar-77
2015-05-17 00:32:15
Энелер деп сыйлаганга чон рахмат дечи бирок дагы канчага чыгым болду Кыргызстан орустардын ырчыларына акча толоп. Андан коро озубуздун ырчылар менен эле концерт откорсо болмок.Орустун ырчылары кыйратып деле ырдабаптыр,анан качан онукмок элек...
+1
beka88
2015-05-17 00:35:05
эхее жаанга карабай кордукго, Жасминдин 5ырын Николайдын эки ырын угуп келе бердим суу болдуго баарыбыз,ошондо да эл тыгын
0
karona
2015-05-17 01:38:44
Бизден деле атактуу ырчылар катышса болмок экен
+1
zarbaliktik
2015-05-17 02:36:46
Кыргыздар фонограммада орустар живой музыка мн ырдашып. Биздикилер качан живой музыка ойноп ырдайт
0
Aruukeramazan
2015-05-17 03:17:32
Эми кыргыздыкын коруп эле журбойбузбу. Бизге деле жанылык болсун да. Европа американын белгилуу ырчылары деле келсе гана.
+1
omurbek1990
2015-05-17 11:59:21
пагодале жакшы болгондо жакшы концерт болмок. Апалардын майрамы дейбиз апалар тебеленип эле калайын дешти тыгындан. Копчулугуле эркек балдар болушту туртушконда ошолор. Ошончо чакыргандан кийин ошол ырчыларды шарт тузуп койсо болмок. Карыларды, жаш балдары барларды алдыга отургузуп. Солдаттарга милицияларгале куч келди. живой се печка болуп турушту элдин алдында.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан