Бишкектеги концертте Орусиянын Эл артисти Филипп Киркоров энелерди кыргыз тилинде куттуктады

Бүгүн, 16-майда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Энелер күнүнө арналган концертте орусиялык ырчылар Филипп Киркоров, Николай Басков жана Жасмин шаардыктарга жагымдуу маанай тартуулашты. 3 саатка уланган салтанаттуу кече эки бөлүктөн туруп, кыргыз эстрада жылдыздарынын ырлары менен башталды. Сахна көшөгөсүн биринчилерден болуп ырчы мырза Иса Өмүркулов “Кыргызстан” аттуу ыры менен ачты. Ал эми кечени Нурсултан Майназаров жана Назира Кадыева шаңдуу алып барышты. Ошондой эле Минюра Рахимжанова, Акыл Караман, Юлия Руцкая, Айбек Замирбеков, Айгүл Чалова, Назгүл Токтакунова өнөрлөрүн тартуулашты. 

Концерттин экинчи бөлүгүн Орусиядан келген коноктор улантышты. Жасмин кыргыз эли менен мамлекеттик тилде учурашып, онго чукул хит ырларын аткарып өттү. Ал эми опера ырчысы Николай Басков сахнаны өзгөчө атмосферага бөлөп концертке келген күйөрмандарынын колдоосуна арзыды. Бирок аянтка келгендердин басымдуу бөлүгү кантсе да Филипп Киркоровду күтүп жатышкандыгы жакшы байкалды. Орус Эл артистин коноктор жакшы кабыл алып, ар бир сахнадагы айтылган сөзүн катуу ышкырык-кыйкырык менен коштоп жатышты. Ырчы сахнадан энелерди майрамы менен кыргыз тилинде куттуктаганы анын жаңы күйөрмандарынын пайда болушуна өбөлгө түздү көрүндү. Энелер күнүнө арналган салтанаттуу концерт салют аттыруу менен аяктап, алып баруучулар келген коноктордун үйлөрүнө аман-эсен жетип алуусун тилешти. 

Орусиялык ырчылар энелерди кыргыз тилинде куттукташты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
zman53
2015-05-17 06:11:51
Урматтуу Супер!Мумкун болсо концертин толугу менен жуктоп койсонуздар.Шартка байланыщтуу бара албагандар коруп коелу.
+1
DaNgErOuSs
2015-05-17 09:13:37
Вауу, сонунгооу. Кубанып кеттим, ушундай кучтуу ырчылар биздин мекенге келип, энелерибизди биздин тилде куттуктаганына. Азаматтар! Сыйлайм!
Энелерибиз бактыбызга аман болушсун ар дайым.
+5
suiuktuujar
2015-05-17 10:38:04
Мыкты денгелдеги концерт болгонго энелерибиз аман болушсун ырчы чоорчуларыбыздын чыгармачылыгына ийгилик башчыбызгадагы ишине ийгилик.
+1
Rus-lan
2015-05-17 10:58:19
Булар болбоду дегенде уч адамга 150мин долл кетирди да. Басков Россиянын ичине 30мин долл келет экен а Филипп болсо 50мин долл келет экен. тем более сыртка кобурок акчага келсе керек.
-2
Rus-lan
2015-05-17 11:05:12
ушуга божомол менен эсептегенде 9миллион сом акча кетирген. ал акчаны Энелердин пенсиясына кошуп берсе Энелер дайым батаасын беришет.
-2
modem4999
2015-05-17 11:44:29
Акча эсептегендер ,уят болбогулачы!
+1
Sharipa-asia
2015-05-17 11:56:15
Жакшы откон гоо концерт, супер инфо толугу менен жуктоп кое аластарбы сураныч?
0
berdishov89
2015-05-17 12:04:34
канча акчага келсе ошончого келсин элдин маанайын которуп апкелип ырдатканга суйунгулочу !!!
кудум чонтогунордон алып аткандайсынарда жатып алып тимеле биздикилерди суйлотуп эле койсо ,башка мамлекеттерге окшоп чоон чоон олимпиадаларды откорсок канчалаган чон акчалар кетет ошондо не болосунар?
0
Lisun
2015-05-17 12:25:25
Мен дагы ошону Айтам акча,акча деп всю жизнь.башка мамлекеттер зарубежден чакырышат.Ушуга дагы Шукур дегилечи Рахмат.Хоть хороший новости с Бишкека.
0
bishkek.kg
2015-05-19 16:03:23
Эн соонун болуптур.Энелер бар болгула дайыма,эч качан оорубагыла.
0
Gema
2015-05-17 13:01:43
Акчаны эсептеп эле буто алышпай коюшту го)))
0
jolkolot
2015-05-17 17:22:07
Энелерге эки дуйно бактылулуугун кудайым насип кылсын!
0
afina.aman
2015-05-17 19:38:16
тамашоуу менен ала тоо аянтындагы концерт бир кундо болуп калганы жаман болду.бирок жаан аябайтокту окшойт
0
Nurchelo
2015-05-18 08:55:10
Молодцы, жакшы отуптур, дамадардын конулун ачыш оной, ошону кылганга саналуу эле адамдар кыла алышат. Атамбаевге рахмат.
0
jazgul80
2015-05-19 23:56:24
Nurchelo, бекерден конул алып аткан жок. жакында шайлоо.
0
Diana92kg
2015-05-18 14:33:20
даа, концерт жакшы отту))) Киркоровдун кыргызча суйлогону жакты хехе)))
0
ereka
2015-05-21 13:06:58
Президент оз чонтогунон береби, элдин акчасынан береби, элдин акчасы ансыз деле кайда кеткени белгисиз... Омурубуздо бир жолу мындай мумкунчулук тузуп берсе эмне болуптур, анын устуно апалар учун (Уюштургандарга ыраазы болдум).
18-майда КТРден бергенде коргонго убактым болбой калды эле, Супердин жамааты тартты бекен деп кундо карап жаттым эле, жарым жартылай болсо да коруп алдым. Толук версиясы барбы, бар болсо киргизиниздерчи?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан