Өктөм Сапар уулунун кыргыз жана казак ырчыларынын коштоосунда өткөн концертинде ырчынын апасы көзүнө жаш алды

Бүгүн, 17-майда кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү өкүлү Өктөм Сапар уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда жеке концертин берди. Алгачкы концертин өткөрүп жаткан ырчыдан толкундануу сезимдери байкалып турду. Мыкты жасалгаланган сахнанын арткы бөлүгүндө бэк-вокалчылар (сахнадагы негизги вокалды кубаттап, коштоп туруучулар), профессионал музыканттар орун алышкан. 
Алып баруучулар Чыңгыз Мырзаев менен Жанна Усубалиева кезек-кезеги менен кыргыз жана казак эстрада жылдыздарынын атын атап, сахнага чакырып жатышты. Конок катары ырдаган ырчылардын катарында казак ырчысы, "Жылама, жаным" аттуу ырдын аткаруучусу Гадилбек Жанай, Сайкал Садыбакасова, Нурлан Насип, Алтынай Нарбаева, Роза Шакирова, Замир Мырза жана бир катар жаш ырчылар болушту. Ал эми Аваз Акимов, Нурмат Садыров, Мирлан Баеков, Данияр Эрматов сыяктуу ырчылар жана клипмейкер Эрнист Сыдыков көрүүчүлөрдүн катарынан орун алышты. 
Концерттин өзгөчөлүгү 17-май - Энелер күнүнө карата уюшулганында болду. Ырчылар жеке концертин берип жаткан күндүн каарманын жана залдагы энелерди удаасы менен куттуктап жатышты. Ырчы залда отурган сүйүктүү апасына жакшы сөздөрдү арнап, гүл берди. Жеке концертин берип жаткан уулун карап туруп эне кармана албай көзүнө жаш алды. Мунун баары күйөрмандардын сүрөөнү астында орун алды. 
Өктөм Сапар уулу жеке концертинде төш белги тагынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kama_future_millioner
2015-05-18 01:36:12
Ийгилик
0
karona
2015-05-18 03:11:51
Azamatsyn
0
karona
2015-05-18 03:16:22
Бек менен Ильяз кантип келбей кылышты тан калыштуу
0
Bors
2015-05-18 11:26:33
karona, гостролдоп кетишсе керекда. Орусяга
0
Muzik
2015-05-18 03:35:51
Концертте жалан Октом байкенин ырлары ырдалса керек жа.
+1
diiazbek
2015-05-18 07:56:18
ким бул озу
+1
uragan007
2015-05-18 08:08:40
diiazbek, Чекарачы ха ха ха
0
eliko
2015-05-18 09:56:36
Ушул биздин ырчылар козу тируу туруп эле сахнага оздорунун суротун жабыштырып,алдына оздору туруп алып ырдашат,ал озу живой турса фотосун тиктеп отуруп коруш керекпи э?Илгери козу отуп кеткен артисттердин элесин ушинтип чагылдырушчуу.
+1
daniel87
2015-05-18 19:56:13
Октомго ийгиликтерди каалайм!залда отурган артистерибиз ,клипмейкер ж.б кой кайтарып жаргон жеринен эле келишкен окшойт,отурганын карагыла уят уят!башка соз жоок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан