Ала-Бука районунда мамлекеттик чек араны бузган Өзбекстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, эки өзбек жараны 15-май күнү “Кербен” чек ара тозотунун жана Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Кармалгандар мамлекеттик чек араны бузуп, Аксы районунун Мамай тилкесиндеги туугандарына жолугушуу үчүн келишкенин айтышкан. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.