Бишкектеги соода борборлорунан зер буюмдарды уурдоо менен алектенген эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Чүй көчөсүндөгү зер буюмдарын сатуучу дүкөндө 1997-жылы туулган Х.В. аттуу бала жана 1997-жылы туулган Д.А. аттуу кыз кармалган. Алардын сумкасынан уурдалган зер буюмдар табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Кармалгандардын ушул сыяктуу 5 фактыга тиешеси бар экени аныкталды.