Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө кечээ, 17-май күнү саат 17:59 чамасында болгон. Анын очогу Аксы районунун Ак-Там айылынан 6 чакырым жана Согот айылынан 7 чакырым түндүк-батышта жайгашып, күчү 4 баллга жеткен.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.