Кадамжайда мамлекеттик чек араны бузган Өзбекстандын 4 жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өзбек жарандары кечээ, 17-май күнү "Айдаркен" чек ара тозотунун чек арачылары тарабынан Канды тилкесинде кармалган. Алар кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылышкан. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалгандар милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.