Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин башчысы пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй, Ысык-Көл облустарындагы объектилерин оңдоп-түзөөдө аткарылган жумуштардын жана колдонулган материалдардын негизсиз жогорулатылганы аныкталган. Мындан улам аталган департаменттин башчысы З.А. ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерине ишти жабуу үчүн 2 миң доллардан көп акча сунуштаган. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын негизинде департамент башчысы 1500 доллар жана 40 миң сом берип жаткан жеринен кармалган. Учурда ал 1 айга тергөө абагына киргизилди.