Бүгүн, 18-майда Михаил Фрунзе атындагы музейде Эл аралык музейлер күнүнө карата музыкалуу оюн-зоок уюштурулду. Анын жүрүшүндө окуучулар Михаил Фрунзенин бала чагын чагылдырган кичи сценка тартуулашса, комузчулар жана бийчилер өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ал эми каалоочулар Фрунзенин үй-музейин көрүп, тарых менен жакындан таанышканга мүмкүнчүлүк алышты. Кечеге аскер кызматкерлери, шаар мектептеринин окуучулары жана башкалар катышты.