Талас. Баңгизаты менен облустун 3 жараны колго түштү

19-февралда Талас облусунда жүргүзүлгөн рейд учурунда баңгизатын мыйзамсыз сактаган 3 жаран кармалды. Бул боюнча Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Кармалган Талас шаарынын тургундары М.С. аттуу жаран 45-50 грамм, А.С. аттуу жаран 40 грамм өлчөмүндө, Талас районуна караштуу Көк-Токой айылынын жашоочусу Д.Ө. аттуу жаран 105 грамм баңгизат сактап жүргөндүгү белгилүү болду. Бул окуя боюнча учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан