Сузак районундагы Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Жалал-Абад шаарына жана бир канча айылдарга коркунуч келтирүүдө. Бул тууралуу 18-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы
Абдишарип Бекилов билдирди.
Бекиловдун берген маалыматына таянсак, учурда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов
аталган дарыянын жээгин бекемдөө боюнча аткарылып жаткан иштер менен таанышууда.
Мындан
ары министр кечээ, 17-май күнү катуу жааган жаандын
кесепетинен жабыркаган Сузак, Ноокен, Базар-Коргон, Ала-Бука
райондорундагы калктын абалы менен таанышмакчы.