
* Мындан 69 жыл мурун, 1946-жылы “Спрут” тасмасында комиссар Каттанинин ролун аткарган италиялык актёр, режиссёр
Микеле Плачидо Италиянын түндүк-чыгыш жагында жайгашкан Асколи Сатриано деген жерде туулган. Ал сегиз бир туугандын үчүнчүсү болгон.
Микеле 20 жашында Рим шаарындагы Улуттук драма академиясына тапшырып, аны ийгиликтүү аяктап, Улуттук телекөрсөтүүдөн эмгек жолун баштайт. 1977-жылы өзүн кино тармагында сынап көргөн. Ал Уго Тониази деген атактуу актёр менен бирдикте режиссёр Марио Моничелинин "Элдик романс" кинотасмасында башкы ролду жаратат. Микеле 40тан ашуун ролдорду аткарып жана 4-5 фильмдин режиссёру болууга да жетишкен. 1980-жылдары режиссёр Дамиани тарткан "Спрут" көп сериалуу телефильминде комиссар Коррадо Катанинин ролун бийик деңгээлде аткарган. Телефильм Сицилиядагы мафиянын агымын сүрөттөйт. Өз убагында аябагандай популярдуулукка жеткен "Спрут" телефильми Италиядан тышкары 80 өлкөдө көрсөтүлгөн.

* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы орусиялык ырчы
Ева Польна Ленинградда туулган. Бала кезинен музыкага жакын болуп өсүп, атайын музыкалык окуу жайды аяктаган.
1996-жылы Санкт-Петербургда "Гости из будущего" тобу түзүлүп, Ева Польна 1998-жылы топко солист болуп кирген. Ошол убактан тартып Ева Польна атактуулукка жетип, 2009-жылы топтун тарашына байланыштуу жеке ырчылык карьерасын баштаган.

* Мындан 38 жыл мурун, 1977-жылы аргентиналык ырчы жана актриса
Наталия Орейро Монтевидеодо (Уругвай) төрөлгөн. Атасы Карлос Орейро жеке ишкер, апасы Мабель Орейро чачтарач болуп эмгектенген. Наталия 8 жашка толгондо актёрдук чеберчиликтен билим алып, 12 жашка чыкканда Уругвайдан жарнамалык түрмөктөргө тартылып, актрисалык карьерасын баштаган. Эң таанымал, популярдуулукту алып келген тасмасы "Байлар жана белгилүүлөр" ("Богатые и знаменитые") деген Бразилия сериалы болгон. Андан кийин эле "Жапайы периште" ("Дикий ангел") сериалына тартылып, андан дагы таанымал, бай болуп чыга келген.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы диаметри 3 чакырымга жеткен күчтүү куюн АКШнын Оклахома штатына ири кыйроолорду алып келген. 51 киши набыт болуп, 240 киши жаракат алган.